АКВАЛАНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКВАЛАНГ (лат. agua – суу, анг. lung – же­ңил) – адамдын суу астында дем алышы үчүн жонуна асынып жүрмө автономиялуу аппарат. 1943‑ж. фр. Ж. И. Кус­то менен Э. Ганьян ой­лоп чыгарган. Кысыл­ган абалуу баллондон жана дем алдыргыч ап­параттан турат. Көбүнчө суу астындагы спортто, чөгүп бараткан­дарга жардам берүүдө, суу астындагы изилдөө иштеринде, тех. жумуштарда, балык уулоодо ж. б‑да колдонулат. Бирок, кысылган абадагы азот адамга талыкшытуучу терс таасир тийгиз­гендиктен, аны менен 40 м тереңдиктен төмөн түшүүгө болбойт.

Файл:АКВАЛАНГ37.png

Аквалангдын түзүлүшү: 1- аба толтурулган бал­лон; 2- дем алдыруучу автомат; 3- дем алды­руучу түтүк; 4- дем чы­гаруучу түтүк; 5- томо­го; 6- кур.