АКВАЛАНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:51, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АКВАЛАНГ (лат. agua – суу, анг. lung – же­ңил) – адамдын суу астында дем алышы үчүн жонуна асынып жүрмө автономиялуу аппарат. 1943‑ж. фр. Ж. И. Кус­то м‑н Э. Ганьян ой­лоп чыгарган. Кысыл­ган абалуу баллондон ж‑а дем алдыргыч ап­параттан турат. Көбүнчө   суу астындагы спортто, чөгүп бараткан­дарга жардам берүүдө, суу астындагы изилдөө иштеринде, тех. жумуштарда, балык уулоодо ж. б‑да колдонулат. Бирок, кысылган абадагы азот адамга талыкшытуучу терс таасир тийгиз­гендиктен, аны м‑н 40 м тереңдиктен төмөн түшүүгө болбойт.
Файл:АКВАЛАНГ37.png

Аквалангдын түзүлүшү: 1- аба толтурулган бал­лон; 2- дем алдыруучу автомат; 3- дем алды­руучу түтүк; 4- дем чы­гаруучу түтүк; 5- томо­го; 6- кур.