АКАК КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АКАК КИСЛОТАСЫ, НООС – СН2 – СН2 – СООН - ­эки негиздүү орг. к‑та. Түссүз кристалл, эрүү t 182,8°С, сууда, спиртте, эфирде эрийт. Күрөң көмүрдө, акак чайырында, өсүмдүктө кезде­шет. Малеин к‑тасын гидрлөөдөн ж‑а акак чай­ырын кургак буулантуудан алынат. Эки негиздүү к‑таларга мүнөздүү реакцияларга кирет. А. к. полиэфир чайырларын, боёкторду, инсектицид­дерди, дары‑дармектерди, кээ бир пластмасса­ларды, фотоматериалдарды алууда ж. б. колдо­нулат.