АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР – театр өнөрүн өнүк­түрүүдө ийгиликтерге жетишкен театрларга бе­рилүүчү ардак наам. 1909‑жылдан бериле баш­таган. Бул ардак наам алгач Москвадагы Чоң жана Кичи театрларга ыйгарылган. А. Малдыба­ев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет теат­рына (1959), Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улут­тук драма театрына (1971), Кыргыз мамлекеттик орус драма театрына (1989), Ош өзбек драма театры­на (2005) Академиялык театр ардак наамы берилген.