АКАДЕМИЯЛЫК КАЙЫКТА СҮЗҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АКАДЕМИЯЛЫК КАЙЫКТЫ СҮЗҮҮкайык спортунун бир түрү; спорттук атайын кайыкта жарышуу. Жарышуу үчүн – скиф, үйрөнүү үчүн клинкер тибинде жасалган кайыктар колдону­лат. Академиялык кайык эки калак м‑н айда­луучу, 1, 2, 4 кишилик ж‑а бир калак м‑н айда­луучу 2, 4, 8 кишилик болуп бөлүнөт. Кайык­тардын түзүлүшү, формасы ж‑а көлөмү ар кан­дай болушу мүмкүн, бирок ар бир кайыктын учу (мурду) 4 см ак түстөгү резина шары м‑н жабдылат. А. к. с. спорту 19‑к‑дын 1‑жарымын­да Улуу Британияда пайда болгон. Эл аралык федерациясы 1892‑ж. уюшулган. 1900‑ж. олимпиадалык оюндардын, 1962‑ж. дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Кыргызстанда А. к. с. б‑ча А. Водоватов дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Мелдештер Чүй каналында ж‑а Ысык­Көлдө өткөрүлөт.