АКАДЕМИЯЛЫК БОРБОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:03, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКАДЕМИЯЛЫК БОРБОР – 1924-ж. Кыргызстандагы бар­дык илимий-изилдөө иштерине жетекчилик кылуучу Кара Кыргыз АОнун Ревкомунун Президиуму та­рабынан уюштурулган мекеме. Кыр­гыз мектептери үчүн окуу китептерин түзүү, окуу пландарын ж‑а программаларын, жобо, инст­рукцияларын, методикалык көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу Академиялык борбордун башкы милдети болгон. Ошондой эле илимий мекемелердин иштерин жөнгө салуу м‑н жалпы изилдөө иштерин пландаштырган. Академиялык борбордун алдында терминологиялык комиссия, методикалык бюро ж‑а музей иштери, тарыхый мурастарды, маданий, тарыхый эстеликтерди кор­гоо уюмдары иштеген. Кыргызстан крайтаануу илимий-изилдөө институтуна уюшулганга чейин (1928), Академиялык борбор тарабы­нан маданий курулуштун актуалдуу, татаал ж‑а ар түрдүү маселелери каралган. Кыргыз тилинде жазуунун араб алфавитинен латын алфавитине өтүү маселелери, элдик оозеки чыгармаларды ж‑а тарыхый мурастарды, материалдарды жыйноо, алардын айрымдарын басып чыгаруу, байыркы эстеликтерди сактоо ж. б. иштерди жүргүзгөн.