АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛМА - жазуучулардын бардык чыгармаларынын жана алардын ар кан­дай варианттарынын комментарийлер менен жаб­дылган толук басылышы. Мындай басылыш бел­гилүү окумуштуулар тарабынан же алардын ка­тышуусу менен ишке ашырылат. Текст сунуш кы­лууда автордун кол жазмаларынан, анын өзгөрткөн кошумчаларынан, бир эле чыгарманын бир нече варианттарынан жана башка редакция­ларынан пайдаланылат. Академиялык басылмада текстке илимий түшүндүрмө берилет, иштөөдө пайдаланууга ыңгайлуу болсун үчүн илимий-маалыматтык аппарат менен коштолот. Мындай басылыштан бардык илимий аталыштагы эмгектер чыгарылат (мисалы, С. Кара­лаев менен С. Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосунун академиялык басылыштары ж. б.).