АКАДЕМИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКАДЕМИК – академиянын анык мүчөсү (мис., КР УИАсынын анык мүчөсү). Ал академия­нын жалпы чогулушунун жашыруун добуш берүүсү менен шайланат. КР УИАнын ардактуу академиги деген да наам берилет. Академик наамы бир нече чет өлкөлөрдө да бар. Мурун СССР Илим­дер академиясынын, союздук республикалардын академияларынын, Москвадагы Ленин атындагы Бүткүл союздук айыл чарба академиясынын (ВАСХНИЛ) академиги – анык мүчөсү деген наамдар ыйгарылган. Азыр кыргыз окумуштуу­ларынын ичинен чет өлкөлөрдүн ар кандай ака­демияларына мүчө (академик) болгондор бар.