АКАДЕМИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:43, 26 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКАДЕМИК – академиянын анык мүчөсү (мис., КР УИАсынын анык мүчөсү). Ал академия­нын Жалпы чогулушунун жашыруун добуш берүүсү менен шайланат. КР УИАнын ардактуу академиги деген да наам берилет. Академик наамы бир нече чет өлкөлөрдө да бар. Мурун СССР Илим­дер академиясынын, союздук республикалардын академияларынын, Москвадагы Ленин атындагы Бүткүл союздук айыл чарба академиясынын (ВАСХНИЛ) академиги – анык мүчөсү деген наамдар ыйгарылган. Азыр кыргыз окумуштуу­ларынын ичинен чет өлкөлөрдүн ар кандай ака­демияларына мүчө (академик) болгондор бар.