АК ӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир‑Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосу­нун түндүк капталынан башталган Жаңгарт суу­сунун алабында жайгашкан. Узундугу 7,4 км, аянты 20,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5148 м, этеги 3730 м бийиктикте жатат. Мөңгү аркылуу аты уйкаш ашуу өтөт. Этеги 1943–1962‑жылдары 500 мге че­гинген. Мөңгүдөн агып чыккан суу Жаңгарт суусуна оң жактан куят.