АК ӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир‑Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосу­нун түндүк капталынан башталган Жаңгарт суу­сунун алабында жайгашкан. Узундугу 7,4 км, аянты 20,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5148 м, этеги 3730 м бийиктикте жатат. Мөңгү аркылуу аты уйкаш ашуу өтөт. Этеги 1943–62‑жылдары 500 мге че­гинген. Мөңгүдөн агып чыккан суу Жаңгарт суусуна оң жактан куят.