АК ӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:04, 5 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АК-ӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңир‑Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосу­нун түн. капталынан башталган Жаңгарт суу­сунун алабында жайгашкан. Уз. 7,4 км, аянты 20,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5148 м, этеги 3730 м бийиктикте жатат. Мөңгү аркылуу аты уйкаш ашуу өтөт. Этеги 1943–62‑ж. 500 мге че­гинген. Мөңгүдөн агып чыккан суу Жаңгарт суусуна оң жактан куят.