АК ҮЙЛҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒  1) байыркы ж-а о. кылымдарда көчмөн элдерде урууну, элди баш ийдирип кармап туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишим дин кепили катары тектүү адамдардын балдарын барымтага кармоо. Бул саясий-дипл. ыкманы кытай династиялары да пайдаланышкан. Көчмөн элдерде барымтага кармалгандар (же берилгендер) хан сарайына жакын жердеги ак бозүйлөрдө сыйлуу туткун денгээлинде, көзөмөл алдында турушкан. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан мындай эзелки барымта салты «Манас» эпосунда да чагылдырылган; 2) түркмөндөрдө, о. эле каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобу.