АК ШОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:54, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ШОР ‒ Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төө-Моюн айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Араван кыштагынан 32 км батыш тарапта, Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 33 км. 1968-жылы отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 655 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2309 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, оорукана, китепкана, кинотеатр, кафе бар.