АК ШОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:11, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ШОР ‒ Ош обл-нун Араван р-ндагы кыштак. Төө-Моюн айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Араван кыш-нан 32 км батыш тарапта, Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 33 км. 1968-ж. отурукташкан. Деӊиз деӊг. 655 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2309 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, оорукана, китепкана, кинотеатр, кафе бар.