АК УУЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:10, 4 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК УУЛ ‒ элдик санжыра боюнча оӊ канат урууларынын түпкү атасы; Куу уулдун бир тууганы. Ак уулга адигине, тагай жана моӊолдор уруулары кирет. Ак уул жөнүндөгү уламыш тарыхый булактарда алгач Сайф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-Таварих» (16-кылым) аттуу эмгегинде эскерилет. Элдик санжырада Ак уулдун аталышы тууралуу бир нече мифтик, уламыштык түшүндүрмөлөр кездешет. Илимий өӊүттөн караганда, кыргыз элинин уруулук курамына кирген оӊ канат уруулары байыркы көчмөн түрк-моӊгол элдеринде кеӊири колдонулуп келген өӊ-түсүнө карата сыпаттоо аркылуу Ак уул аталган болсо керек деп жыйынтык чыгарса болот.