АК УУЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК УУЛ ‒ элдик санжыра боюнча оӊ канат урууларынын түпкү атасы; Куу уулдун бир тууганы. Ак уулга адигине, тагай жана моӊолдор уруулары кирет. Ак уул жөнүндөгү уламыш тарыхый булактарда алгач Сайф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-Таварих » (16-кылым) аттуу эмгегинде эскерилет. Элдик санжырада Ак уулдун аталышы тууралуу бир нече мифтик, уламыштык түшүндүрмөлөр кездешет. Илимий өӊүттөн караганда, кыргыз элинин уруулук курамына кирген оӊ канат уруулары байыркы көчмөн түрк-моӊгол элдеринде кеӊири колдонулуп келген өӊ-түсүнө карата сыпаттоо аркылуу Ак уул аталган болсо керек деп жыйынтык чыгарса болот.