АК ТАШ АКИТАШ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТАШ АКИТАШ КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Алай кырка тоосунун түн. этегинде. 1968-ж. ачылган. Кен аймагын силур мезгилинин чөкмө тоо тектери түзөт. Акиташ теги сланец тектеринин арасында жайгашкан. Уз. 3,5 км, калыӊдыгы 80 мдей. Ак, кара түстө. Суукка чыдамдуу, жүк көтөрүмдүүлүгү жана кысууга жөндөмдүүлүгү жогору. Запасы 1 млн м3. Дубалды каптап кооздоого жарамдуу.