АК ТАШ АКИТАШ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Алай кырка тоосунун түн. этегинде. 1968-ж. ачылган. Кен аймагын силур мезгилинин чөкмө тоотектери түзөт. Акиташ теги сланец тектеринин арасында жайгашкан. Уз. 3,5 км, калыӊдыгы 80 мдей. Ак, кара түстө. Суукка чыдамдуу, жүк көтөрүмдүүлүгү ж-а кысууга жөндөмдүүлүгү жогору. Запасы 1 млн м3. Дубалды каптап кооздоого жарамдуу.