АК ТАТЫР Жумгал районундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК ТАТЫР ‒ Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Чаек айыл аймагына караштуу. Жумгал суусунун оӊ өйүзүндө, райондун борбору Чаек кыштагына чыгышынан туташ. Деӊиз деӊгээлинен 1620 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 180 км түштүк-батыш тарапта. 1925-жылы отурукташкан. Калкы 2 775 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Кесиптик-техникалык окуу жайы, орто мектеп, китепкана бар.