АК ТАТЫР Баткен районундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 5 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АК-ТАТЫР‒ Баткен обл-нун Баткен р-ндагы кыштак. Аты окшош айыл аймагына караштуу. Баткен ‒ Исфана автомобиль жолунун боюнда. Райондун борбору Баткен ш-нан 40 км түш.-батыш тарапта. Шураб темир жол бекетинен (Тажикстан) 11 км. Деӊиз деӊг. 1181 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2005 (2009); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китекана, медпункт бар.