АК КУУРАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК КУУРАЙ (spiraled) – чанактуулар тукуму­нун уруусу, көп жылдык чөп өсүмдүк. Бийиктиги 130 см, бозомтук, жыш түктүү, жыттуу, өзөк тамыры кыртышта терең өсөт. Сабагы тик, бу­тактуу, жөнөкөй жана татаал жалбырактуу, жалбырак сабы кыска. Мөмөсү – чанак, бир уруктуу, анын сырты түктүү. Дүйнөдө 130га жакын түрү субтропик аймактарда таралган. Кытайда жана Индияда айдалат. КМШ өлкө­лөрүндөгү 3‑4 жапайы түрүнүн көбү отоо чөп. Айрымдары жашылдандырууда, дары катары элдик медицинада, тамак‑ашка, айыл чарбасында тоют чөп катары, жеңил өнөр жайда була алуу үчүн кеңири колдонулат.