АК ЖАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ЖАР, К р у п с к а я – Талас облусунун Кара-­Буура районундагы кыштак. Аманбаев айыл айма­гына караштуу. Райондун борбору Кызыл‑Адыр кыштагынан 30 км батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 20 км. Деңиз деңгээлинен 1072 м би­йиктикте жайгашкан. Калкы 1200 (2009); неги­зинен мал чарбасында, тамеки өстүрүүдө эмгек­тенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.