АК-ӨЛӨҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ӨЛӨҢ – Ысык‑Көл облусунун Тоң районундагы кыштак. Көк‑Мойнок айыл аймагына караш­туу. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 90 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекети­нен 21 км. Деңиз деңгээлинен 1650 м бийиктикте жай­гашкан. 1930‑жылы отурукташкан. Калкы 1910 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, дарыкана, бейтапкана, ки­тепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак­та манасчы Саякбай Каралаев, Социалисттик Эмгектин Баа­тыры Ө. Тулөбердиев туулган.