АК-ЧУӉКУР ҮӉКҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ЧУҢКУР ҮҢКҮРҮнеолит дооруна (б. з. ч. 6‒4-миӊ жылдык) таандык археол. эстелик. Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нундагы Эчкили-Таш айылынан 7 км чыгыш тарапта, Сары-Жаз суусунун оӊ жээгинде, деӊиз деӊг. 3150 м бийиктикте жайгашкан. 1954-ж. А. Н. Окладников жана В. И. Рацек тарабынан ачылган. Үӊкүрдүн бийикт. 2‒4 км, уз. 40 мге чейин жетип, эки ярустан турат. Үӊкүрдүн боорунда кызыл жошо менен тартылган теке жана жыландын сүрөттөрү, кара боёк менен түшүрүлгөн несториан крести, тамга жазуулар (о. кылымга таандык), о. эле жаныбарлардын сөөктөрү, неолит дооруна таандык иштетилген таштар жана көӊдөйүндө жошо сакталып калган текенин мүйүзүнүн сыныгы табылган. Үӊкүрдөгү айрым сүрөттөр мезолит дооруна мүнөздүү.
М. К. Борсунбаев.