АК-ЧУӉКУР ҮӉКҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 1 Март (Жалган куран) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
неолит дооруна (б. з. ч. 6‒4-миӊ жылдык) таандык археол. эстелик. Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нундагы Эчкили-Таш айылынан 7 км чыгыш тарапта, Сары-Жаз суусунун оӊ жээгинде, деӊиз деӊг. 3150 м бийиктикте жайгашкан. 1954-ж. А. Н. Окладников ж-а В. И. Рацек тарабынан ачылган. Үӊкүрдүн бийикт. 2‒4 км, уз. 40 мге чейин жетип, эки ярустан турат. Үӊкүрдүн боорунда кызыл жошо м-н тартылган теке ж-а жыландын сүрөттөрү, кара боёк м-н түшүрүлгөн несториан крести, тамга жазуулар (о. кылымга таандык), о. эле жаныбарлардын сөөктөрү, неолит дооруна таандык иштетилген таштар ж-а көӊдөйүндө жошо сакталып калган текенин мүйүзүнүн сыныгы табылган. Үӊкүрдөгү айрым сүрөттөр мезолит дооруна мүнөздүү. 
М. К. Борсунбаев.