АК-ТҮЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:49, 1 Март (Жалган куран) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ Чүй обл-нун Кемин р-ндагы кыштак, Ак-Түз айыл аймагынын борбору. Кичи Кемин өрөөнүндөгү Ак-Түз капчыгайынын төрүндө,

деӊиз деӊг. 2300 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак ушул жердеги түстүү металл кендерин өздөштүүрүнүн натыйжасында 1938-ж. отурукташкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кемин ш-нан 45 км, Токмок ш-нан 80 км, Бишкек ш-нан 140 км чыгыш тарапта. Калкы 910 (2005). Ак-Түз мамл. акционердик коому, «Айнур» з-дунун филиалы иштейт. Орто мектеп, оорукана, бала бакча, 2 китепкана бар.