АК-ТЕКТИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:05, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТЕКТИР ‒ Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-ндагы кыштак. Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу. Узун-Акмат суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Токтогул ш-нан 55 км батыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 245 км. 1972-ж. отурукташкан. Деӊиз деӊг. 1140 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1996 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.