АК-ТАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТАМ ‒ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Ак-Там айыл округунун борбору. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 15 км чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 76 км. Ала-Бука ‒ Кербен автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1396 м бийиктикте жайгашкан. 1900-жылы отурукташкан. Калкы 5 480 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, бала бакча, амбулатория бар.