АК-ТАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:01, 28 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-ндагы кыштак. Ак-Там айыл олругунун борбору. Райондун борбору Ала-Бука кыш-нан 15 км               чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 76 км. Ала-Бука ‒ Кербен автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 1396 м бийиктикте жайгашкан. 1900-ж. отурукташкан. Калкы 4112 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, мад-т үйү, бала бакча, амбулатория бар.