АК-ТАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТАЛ ‒ Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыштак. Ак-Тал айыл округунун борбору. Райондун борбору Баетов кыштагынан 40 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 260 км. Нарын дарыясынын түштүк жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1750 м бийиктикте жайгашкан. 1957-жылы отурукташкан. Калкы 1143 (2009); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Клуб, ФАП, мончо, байланыш түйүнү ж. б. бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Койчиев туулган.