АК-СУУ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:24, 6 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
   Чүй өрөөнүндө, Сокулук р-нунда, Ак-Суу темир жол бекетинен 1 км түш.-батышта, Ак-Суу сайынын кашат тектеринде. 1957-ж. табылган. 1959‒60-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында антропоген мезгилинин борпоӊ чөкмө тектери жайгашкан. Чопо күрөӊ, кызгылт күрөӊ түстө, майда күл ботодон турат. Кумдуу шагылдын үстүндө жайгашып, калыӊдыгы 1,6‒8,5 мге чейин. Арасында карбонат тарамчалары, бүртүкчөлөрү бар. Айрым жеринде калыӊдыгы 0,1‒0,7 мге чейинки кумайлуу чопо, кумдук ж-а шагылдар учурайт. Гранулометриялык курамы: 0,005‒0,05 мм ‒ 76,92%, 0,05‒0,5 мм ‒ 21,54%, 0,5‒2,0 мм ‒ 0,98%, 2,0 ммден жогоркусу 0,49%ке чейин. Баланстык запасы 418500 м3. Чоподон Ак-Суу кирпич з-дунда «100», «150» маркадагы кирпич ж-а черепица жасалат.