АК-СУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АК-СУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ ‒ дарыланууга жарамдуу ысык булактар. Ысык-Көл обл-ндагы Ак-Суу кыш-нан 4‒5 км түш. тарапта, Тескей Ала-Тоонун түн. этегиндеги Ак-Суу өрөөнүндө, деӊиз деӊг. 1950‒2500 м бийиктикте. Андан 8‒10 км түш. тарапта өрөөндүн баш жагында Алтын-Арашан минералдуу суусу чыгат. Курамы ж-а дарылык касиети б-ча бул эки булак бири биринен көп айырмаланбайт. Суу палеозой заманынын башында пайда болгон гранит-порфирлердеги майда жаракалар аркылуу жер бетине агып чыгат. Суу ысык (57‒60°), тунук, аз минералдашкан (0,3‒0,4 г/л), курамы сульфат -хлорид-натрийлүү. Радиоактивдүүлүгү төмөн (радондун концентрациясы Махе бирдигинде 0,4‒5,6). Суудан азот газы (95‒99%) бөлүнүп турат. Суунун орт. чыгымы 18 г/сек (1961). Суу м-н муун, сөөк, жарат, нерв ооруларын, балдардын шал оорусун дарылоого болот, к. Ак-Суу санаторийи .