АК-СУУ Жыргалаңдын сол куймасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 28 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ Ак-Суу р-нундагы суу, Жыргалаӊдын сол куймасы. Уз. 45 км, алабынын аянты 513 км2. Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы мөӊгүлөрдөн башталган Алтын-Арашан 
Файл:АК-СУУ3.png
Ак-Суу суусу.

ж-а Алмалуу суулары кошулуп А.-С-ну түзөт. Алабында 12 көл бар, алардын жалпы аянты 0,42 км2. Ири куймалары: Адыр-Төр, Чоӊ Кашка-Суу. Майда кире баштап, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 5,10 м3/сек; эӊ көбү ‒ 14,4 м3/сек, эӊ азы ‒ 1,26 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Алмалуу өрөөнүнүн оозунда Ак-Суу санаторийи, андан төмөн Теплоключенка кыш. жайгашкан.