АК-СУУ (ЖАР-ТАШ) МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-СУУ (ЖАР-ТАШ) МИНЕРАЛДУУ СУУСУ ‒ дарыланууга жана ичүүгө жарамдуу суу булактары. Чүй облусунун Жайыл районунда, Жар-Таш суусунун куйган жеринен 7 км жогору, Бишкек шаарынан 100 км түштүк-батышта жайгашкан. 1960-жылы геологиялык изилдөө жүргүзүлүп, дарылык касиети аныкталган. Булактары ордовик мезгилинде пайда болгон кара түстүү сланец катмарларын аралап, тектоникалык жаракалар аркылуу жер үстүнө чыгат. Суу муздак (7‒14°С), тунук, чала кычкыл (рН 5,5‒5,9) келип, курамы гидрокарбонаттуу жана кальций-магнийлүү. Суунун негизги дарылык фактору ‒ натрий жана магний туздарын түзгөн гидрокарбонат иону. Анын суудагы өлчөмү 0,8‒1,5 г/л. Суу ашказан, боор, өт, ичеги-карын ооруларына даба болот. 1970-жылдан суусундук катары ичүүгө сатыкка чыгарылган. Запасы А+В+С1 ‒ 0,247 миӊ м³/суткасына.