АК-СУР ТАШ КӨМҮР КЕНЧЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-СУР ТАШ КӨМҮР КЕНЧЕСИ Кендин жазы аянты Ош облусунун Өзгөн районунда, Чытты жана Кара-Булак сууларынын аралыгында. 1945-жылдан белгилүү. Бул жерде көмүрдүн 5 кабаты бөлүнгөн. Алардын калыӊдыгы 0,20‒1,4 м. Көмүрдүн маркасы болжол менен антрацитке (А) жакын. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 6,15%, орточо күйүү жылуулугу 34,87 МДж/кг (8330 ккал/кг ). Болжолдуу ресурсу 300 м тереӊдикке чейин 15 млн т.