АК-СУР ТАШ КӨМҮР КЕНЧЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:23, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-СУР ТАШ КӨМҮР КЕНЧЕСИ Кендин жазы аянты Ош обл-нун Өзгөн р-нунда, Чытты жана Кара-Булак сууларынын аралыгында. 1945-жылдан белгилүү. Бул жерде көмүрдүн 5 кабаты бөлүнгөн. Алардын калыӊдыгы 0,20‒1,4 м. Көмүрдүн маркасы болжол менен антрацитке (А) жакын. Көмүрдүн орт. күлдүүлүгү 6,15%, орт. күйүү жылуулугу 34,87 МДж/кг (8330 ккал/кг ). Болжолдуу ресурсу 300 м тереӊдикке чейин 15 млн т.