АК-СУР ТАШ КӨМҮР КЕНЧЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:46, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АК-СУР ТАШ КӨМҮР КЕНЧЕСИ Кендин жазы аянты Ош обл-нун Өзгөн р-нунда, Чытты ж-а Кара-Булак сууларынын аралыгында. 1945-жылдан белгилүү. Бул жерде көмүрдүн 5 кабаты бөлүнгөн. Алардын калыӊдыгы 0,20‒1,4 м. Көмүрдүн маркасы болжол м-н антрацитке (А) жакын. Көмүрдүн орт. күлдүүлүгү 6,15%, орт. күйүү жылуулугу 34,87 МДж/кг (8330 ккал/кг ). Болжолдуу ресурсу 300 м тереӊдикке чейин 15 млн т.