АК-САЙ - Тоң районундагы кыштак.

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-САЙ ‒ Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы кыштак. Болот Мамбетов атындагы айыл аймагына караштуу. Балыкчы ‒ Каракол автомобиль жолунун жана Ысык-Көлдүн боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1774 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 14 км батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 74 км. 1950-жылы отурукташкан. Калкы 2279 (2022); негизинен токой даярдоодо эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП бар.