АК-КОРГОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Жалал‑Абад обл‑нун Ала‑Бука р‑ндагы кыштак. Ак‑Коргон айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Ала‑Бука кыш‑нан 17 км түш.-чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 65 км. 1900‑ж. чейин орношкон. Де­ңиз деңг. 1180 м бийиктикте жайгашкан. Кал­кы 6410 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, лицей, эки бала бакча, мад‑т үйү, китепкана, турмуш‑тири­чилик комбинатынын бөлүмдөрү, оорукана, да­рыкана, тегирмен, май чыгаруучу цехи бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го эстелик тургузулган.