АК-КОЛОТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 28 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-КОЛОТ – Ош облусунун Кара‑Суу районундагы кыш­так. Сары‑Колот айыл аймагына караштуу. Ра­йондун борбору жана темир жол бекети Кара‑Суу шаарынан 29 км түндүк-чыгыш тарапта. Деңиз деңгээлинен 980 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 931 (2009); негизинен пахтачылыкта, тамекичилик­те эмгектенет.