АК-КАШАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:29, 28 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-КАШАТ – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Жаңы‑Пахта айыл аймагына караш­туу. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 35 км түштүк-батыш тарапта. Шопоков темир жол беке­тинен 37 км. Деңиз деңгээлинен 600 м бийиктикте жайгашкан. 1933‑ж. отурукташкан. Калкы 420 (2009); негизинен жашылчачылыкта эмгекте­нет. Негизги мектеп, бала бакча, ФАП, китепкана, аш­кана бар.