АК-ЖОЛ - Сокулук районундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:29, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ЖОЛ (1983‑жылга чейин Р а з д о л ь н ы й) - ­Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Ат‑Башы айыл аймагына караштуу. Бишкек – «Манас» (аэропорт) автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 685 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 30 км түштүк-чыгыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 30 км. Калкы 4965 (2022); негизинен мал чарбасында эмгек­тенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, ФАП бар.