АК-ЖАР - Талас облусундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:15, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ЖАР – Талас облусунун Талас районундагы кыш­так. Долоно айыл аймагына караштуу. Талас дарыясынын оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1351 м бийик­тикте жайгашкан. Райондун борбору Көк‑Ой кыштагы­нан 20 км түндүк-чыгыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 120 км аралыкта. 1910‑жылы отурукташкан. Калкы 2196 (2022); негизинен мал чарбасы менен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.