АК-ДӨБӨ II ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:09, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ДӨБӨ II ШААР КАЛДЫГЫ – орто кылымга (6–14‑к.) таандык археологиялык эстелик. Талас шаарынын чыгыш тарабындагы Көгой айылынын түштүк ­чыгышында жайгашкан. Талас суусу шаарды экиге бөлүп турат. Жалпы аянты 15 км2 келген кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык өнүккөн шаар болгон. Жазма булактарга караганда орто кылымдарда ал Текабкат деп аталган. Шаар калдыгын П. Н. Кожемяко 1956–1960‑жылдары казып изилдеген. Сепилинин (цитаделинин) түбүнүн аянты 50x55 м, бийиктиги 9 м. Шаардын борбордук бөлүгү (түндүк тарабындагы Кулан‑Корук деп атал­ган чептен) чоподон бышырылып жасалган түтүктөр аркылуу суу менен камсыз болуп турган. Археологиялык казууда сапаттуу жасалган чопо идиш­тер табылган. Айрымдары минералдык боёктор, айнек сымал сыр (глазурь) менен сырдалган. Шаар ичиндеги чептерди казууда архитектуралык курулуш­тун мыкты үлгүлөрү ачылган. Айрыкча үйдүн ички дубалындагы шыптагы оюу археологдор­дун көңүлүн бурган. 13–14‑кылымдарда шаардын жа­шоосу уланган. Бүгүнкү күндө сепил (цитадель) ордунда азыркы мүрзө жайгашкандыктан, ар­хеологиялык эстеликтин бузулуу коркунучу бар.
К. Табалдиев.