АК-ДӨБӨ - Талас облусундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ДӨБӨ - Талас облусунун Бакай‑Ата районундагы кыштак. Ак­-Дөбө айыл аймагына караштуу. Талас – Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун боюнда, Та­лас дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1070 м би­йиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ба­кай‑Ата кыштагынан 13 км түндүк-чыгыш тарапта. Тараз (Казакстан) темир жол бекетинен 95 км. 1891‑жылы отурукташкан. Калкы 4717 (2022); не­гизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Талас дарыясынан чыгарылган Чоң Талас каналы айылды батыш тарабынан кесип өтөт. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, амбулатория, турмуш‑тиричилик комбинатынын бө­лүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган. Жеке мен­чик «Боорукер» үйү ачылган (1994; үй ээси А. Бо­ромбаев). Анда кароосуз калган кары‑картаңдар багылат. Кыштакта КРнын эл сүрөтчүсү Т. Гер­цен туулган.