АК-БУУРА ЗАКАЗНИГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:03, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БУУРА ЗАКАЗНИГИ – Ош облусунун Кара­-Суу районундагы аңчылык боюнча корук аймак. Ак-­Буура суусунун жайылмасын ээлейт. Ош шаарынан жана Папан суу сактагычынан түштүк тарапта жайгашкан. За­казник 1975‑жылы кыргоол, чил жана кекилик уя­лоочу аймакты коргоо максатында уюшулган. Аянты 10 миң га. Ош шаарынын жанындагы Ак-­Бууранын жайылмасынан 2 га жер Ош облустук аңчылык инспекциясына берилип, балык өс­түрүүчү көлмөлөр курулган.