АК-БУУРА-ТУРУК КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БУУРА-ТУРУК КАПЧЫГАЙЫ – Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы шаңшаар (каньон) сымал кууш капчыгай. Ак‑Буура (Ту­рук) суусунун багыты боюнча түштүктөн түндүккө (Кызыл‑Чарба жана Алчалы кыштактарынын аралыгын­да) 40–45 кмге созулат. Таманынын жазы жери 2–2,5 км, кууш жери 500–700 м, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1900–2000 м. Капчыгай палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец жана гранит, гра­нит‑диорит интрузия тоо тектерин суу жеп кетүүдөн пайда болгон. Капчыгай аркылуу Чал­-Куйрук өрөөнү тарапка автомобиль жолу өтөт. Таманында бадалдуу токой өсөт.