АК-БУЛАК - Ноокат районундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:56, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan (Temirkan moved page АК-БУЛАК -Түп р-ну to АК-БУЛАК -Ноокат районундагы кыштак) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БУЛАК– Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кыргыз‑Ата айыл аймагына караш­туу. Кыргыз‑Ата суусунун оң өйүзүндө деңиз деңгээлинен 955 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 10 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 50 км. Калкы 4743 (2009); негизинен мал чарбасында, тамекичилик­те эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар.