АК-БЕШИМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 24 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БЕШИМ (кыргызча ак; монголчо беш – са­рай, имарат; ак сарай, ак имарат, ак үй маани­синде; мурдагы аты – Чала‑Казак)– Чүй районундагы кыштак. Ак‑Бешим айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Чүй кыштагынан 4 км түштүк-батыш тарапта. Токмок те­мир жол бекетинен 5 км. Деңиз деңгээлинен 970 м би­йиктикте. Калкы 2161 (2009); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ки­тепкана, өндүрүштүк окуу комбинаты, мончо, ФАП, мечит ж. б. бар.